Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:00

Француз полициясы өлкө боюнча 150дөн ашуун рейд жүргүздү


Француз полициясынын атайын күчтөрү. Париж, 13-ноябрь, 2015-жыл.
Француз полициясынын атайын күчтөрү. Париж, 13-ноябрь, 2015-жыл.

Француз премьери Мануэль Вальс бүгүн билдиргендей, Париждеги террордук чабуулдардын соңунан полиция 150дөн ашуун рейдди исламчыл согушкер деп шектелгендердин жайларына жүргүздү.

Полициядагы булактар маалымдагандай, бүгүн таңдагы рейддер учурунда бир нече адам камакка алынып, курал-жарак арсеналдары алынды.

Рейддер 13-ноябрда, Париждеги террордук чабуулдарды жасагандарга жардам бергендерди табуу максатында жүргүзүлдү.

Француз борборундагы стадиондо, концерттик залда, бар, ресторандарда 132 адамды мерт кылган кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды.

Ал окуялар учурунда кол салууну жасаган жети адам да өзүн жардыруу менен жанкечтиликке барган.

Премьер Мануэль Вальстын айтымында, чабуул Сириядан пландалып, уюштурулган.

Бул аралыкта Франциянын аскерий учактары “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы башкы таянычы – Ракка шаарына ургалдуу аба соккуларын жасап, курал-жарак кампаларын, машыгуу лагерлерин бутага алды. (UE)

XS
SM
MD
LG