АКШ жана Орусия президенттери кечээ "Чоң жыйырманын" Түркиядагы саммити учурунда кол алышып, бейрасмий сүйлөшүү өткөрүшкөн эле. Бул алардын Орусия сентябрдын соңунда Сирияда аба соккуларын баштагандан берки алгачкы кездешүүсү болду.
Кремль жыйырма мүнөткө созулган сүйлөшүүнүн мазмунун “конструктивдүү” деп атап, бирок анда эки тараптуу мамилеге бурулуш алып келчүдөй нерсе болбогонун белгиледи.
Ак үй билдиргендей, жолугушууда негизги көңүл Сириядагы жарандык согушка жана Украинадагы кырдаалга бурулду.
Орусиянын былтыр Крымды аннексиялоосу жана Украинанын чыгышындагы жаңжал Москва менен Батыштын алака-катышын кансыз согуш доорунан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүргөн. (UE)