Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Президент Олланд өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга чакырды


Президент Франсуа Олланд баштаган француз жетекчилери бир мүнөттүк аза күтүү жөрөлгөсү учурунда. Париж, 16-ноябрь, 2015-жыл.
Президент Франсуа Олланд баштаган француз жетекчилери бир мүнөттүк аза күтүү жөрөлгөсү учурунда. Париж, 16-ноябрь, 2015-жыл.

Француз президенти Франсуа Олланд өлкөдө Париждеги террордук чабуулдардан кийин киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн үч айга узартууга бүгүн парламентарийлерди чакырды.

Парламенттин кош палатасынын депутаттары алдында сүйлөгөн учурунда Олланд өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну караган мыйзамды 18-ноябрда киргизерин маалымдап, аны 20-ноябрга чейин кабыл алып берүүгө үндөдү.

Олланд ошондой эле Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүү үчүн жалгыз жана ири коалиция зарылдыгын, бул маселени алдыдагы күндөрү АКШ президенти Барак Обама жана Орусия президенти Путин менен талкуулай турганын белгиледи.

Француз президентинин айтымында, анын өлкөсү улуттук өкмөттөр ички чек араларды көзөмөлдөөгө кайтып, Евробиримдик жоюлушуна жол бербеш үчүн биримдиктин тышкы чек араларындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттырууну көздөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG