Түркия Кыргызстанга белек кылган толук жабдылган беш "Тез жардам" автоунасын өткөрүп берүү аземи Бишкектеги түрк элчилигинде болот. Бул тууралуу түрк элчилигинен кабарлашты. Бүгүн боло турган иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана түрк элчиси катышат.
Түрк өкмөтү буга чейин да андай тез жардам автунааларын Кыргызстанга белек кылган. (AiT)