Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 16-ноябрда Улуттук демократиялык борбордун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алан Лэинг менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо жана келечектеги кызматташуулар боюнча пикир алмашуулар болду. Алан Лэинг мырза Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчө болгонун, жаштардын жигердүүлүгүн белгилеген. (AiT)