Зарина Юнусова жана анын беш айлык чүрпөсүнүн жасаты 16-ноябрда Дүйшөмбү шаарына келди. Наристеси миграциялык мыйзамдарга байланыштуу кармалган шартта чарчап калган Зарина Юнусова, чүрпөнүн өлүмүн дурустап иликтөөнүн ордуна, аларды шашылыш түрдө Тажикстанга кайтарылып жиберишкенин билдирди.
Дүйшөмбү шаарынын аба майданында журналисттер менен жолугушууда Юнусова, анын наристесин Санкт-Петербургда полиция колунан алып жатканда ден-соолугу мыкты болгонун билдирди. Беш айлык Умарали Назаров ата-энесинен ажыраткандан бир күндөн кийин 14-октябрда чарчап калган. Полиция наристе тез жайылган инфекциядан көз жумганын билдирүүдө. Тажик өкмөтү баланын өлүмүн адилет жана дыкат иликтөөнү талап кылууда. (AiT)