Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Украинанын Орусияга карызын төлөөнүн жаңы шарты сунушталды


Украина өкмөт башчысы Арсений Яценюк
Украина өкмөт башчысы Арсений Яценюк

16-ноябрда Түркияда “чоң жыйырмалыктын” алкагында журналисттер менен жолугушууда Орусиянын финансы министри Антон Силуанов, Москва Украинанын карызын жөнгөрүү боюнча Эл аралык валюта фондуна сунуш бергенин билдирди. Орус президенти Владимир Путин Эл аралык валюта фондунун өтүнүчүнө караганда, Орусия карызды төлөөнүн жакшы шартын сунуштаганын маалымдады:

-Акчаны кайтарып алуу үчүн, Украинаны татаал абалга калтырбаш үчүн, биз, менин көз карашым боюнча, өнөктөрүбүзгө күтүүсүз сунуш жасадык. Биз Украина карызын жөн эле реструктризациялоого макул болуп калбай, андан мыкты шартты сунуштадык. Эл аралык валюта фонду 3 млрд. доллар карызды төлөөнү келерки жылга которууну сунуштаган. Мен андан да терең реструктризациялоого даярбыз дедим. Биз быйыл акчаны албайбыз. Келерки жылы 1 млрд, 2017-жылы дагы миллиард, 2018-жылы дагы бир млрд. төлөнсүн дедик.

Орус бийлиги бул шарт иштеш үчүн АКШ, Европа Биримдиги же Эл аралык финансылык институттардын бири карыздын төлөнүшүнө кепилдик бериш керек деген талап коюуда.

Украина 15 млрд. доллар карызын реструктризациялоо боюнча макулдашууга жетишкен. Бирок Орусиянын 3 млрд. долларын төлөө боюнча келишпестиктер чыгып жаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG