Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Франция АКШ менен Орусияны "Ислам мамлекетине" чогуу күрөшүүгө чакырды


Париж калаймандан кийин
Париж калаймандан кийин

Париждеги террордук чабуулдардан кийин Франциянын парламентинин кош жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Франсуа Олланд, ар кандай айырмачылыктар жана пикир келишпестиктерге карабай Кошмо Штаттар жана Орусия "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө биригиш керектигин билдирди. Бул максатта жакынкы күндөрү президент Барак Обама жана президент Владимир Путин менен жолугушарын билдирди.

“Биз натыйжага жетиш үчүн күчтөрүбүздү бириктиришибиз керек. Ансыз да өтө кечигип калдык”, деген Олланд, Франция терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүн күчөтөрүн кошумчалады.

Кеминде 129 адамдын өлүмүнө алып келген 13-ноябрдагы Париждеги террордук чабуулдун уюштуруучусу жана жетекчисин табуу боюнча полициянын аракеттери натыйжа бере элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG