Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

24-ноябрдан тарта эски паспорттор менен чет элге чыгуу токтотулат


Кыргызстан жарандары 24-ноябрдан тарта 1994-жылкы паспорт менен чет элге чыга албайт. Бул эреже Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабы менен киргизилгенин Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Быйыл августтан тарта мамкаттоо мекемеси эски паспортторду жаңысына акысыз алмаштыруу боюнча өнөктүк жүргүздү. Маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү паспортту көтөрүп жүргөн жарандар саны азыр 3 миң 740 кишини түзөт. Жыл башында алардын саны 104 миңден көп эле.

Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабы боюнча маалыматтар кол менен жазылган паспорттор 24-ноябрдан тарта колдонулбашы керек. Документтеги маалыматтардын баары электрондук жазууда болууга тийиш. (SE)

XS
SM
MD
LG