Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Дүйнөлүк банк: Тажикстанда экономикалык өсүш 4,2 пайызга кыскарды


Тажикстандын улуттук акчасы - сомони.
Тажикстандын улуттук акчасы - сомони.

Быйыл Тажикстандагы экономикалык өсүштүн начарлашына мигранттар которгон акчанын азайышы себеп болду. Ошондой эле өлкөнүн башкы экспорттук каражаты - пахта менен алюминий баасынын арзандашы да терс таасир эткенин Дүйнөлүк банктын өкүлү Патриция Виверс-Картер 17-ноябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, эмгек мигранттары которгон каражаттар Тажикстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн негизги жашоо булагы болуп эсептелет. Анын көлөмүнүн азайышы менен бийликтин жакырчылыкты жоюу аракеттеринен майнап чыгышы кыйын.

Мындай экономикалык кысталыш кезде Дүйнөлүк банк тажик бийлигине ишкердикти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү сунуштоодо. Тажикстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, быйыл мигранттардан 289 миллион доллар акча которулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 42,4 пайызга аз.

Дүйнөлүк банк Борбор Азия аймагындагы экономикалык олку-солкулукка карабай, кыргыз экономикасынын өсүү темпи 7% жакын көрсөткүчтү түзгөнүн билдирген. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG