Босния-Герцеговинанын бийлиги үч мусулман босниялыкты 1992-1995-жылдары жарандык согуш учурунда кылмыш кылган деген шек менен камакка алды.
Прокурорлордун маалыматы боюнча Эсеф Хурич аттуу полиция офицери жана адвокат Ибро Меркез бүгүн кармалган. Алар чыгыштагы Горазде шаарынан 100 серб аял жана балдарды бир нече ай бою адам чыдагыс шартта барымтада кармап турган деп шектелишүүдө.
Үчүнчү Ахмет Сеждич аттуу киши серб жай тургундарын туткундап, өлтүрүп, кыйнаган деп айыпталып кармалды. Үчөө тең 1992-93-жылдары полиция кызматкери болуп иштешкен.