Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

Футбол: биринчи тайм 0:0 менен аяктады


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча бетешинин биринчи бөлүгү 0:0 эсеби менен аяктады. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүшүүдө. Беттеш 13-ноябрда Парижде болгон куралдуу кол салууларда набыт кеткендерди эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен башталды. Парижде болгон теракт жана куралдуу кол салуулардан 129 киши мерт кетип, 350 адам жаракат алган. Алардын жүзгө жакыны оор абалда. Оюнду көргөнү премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана жогорку кызмат адамдары келди.

XS
SM
MD
LG