Бельгиянын дүйнөдөгү зилзалаларды каттоочу earthquakereport.com вебсайтынын маалымдоосу боюнча 17-ноябрда Кыргызстанда түнкү саат 11:29да Рихтер таякчасы боюнча 5,8 баллдык жер титирөө болду.
Зилзаланын эпицентри Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдөн 27 чакырым түндүк-батыштагы Кең-Жылга жана Ийри-Суу деген жерлердин ортосунда болгонун АКШнын Улуттук сейсмология институту кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, азыркы убакка жер силкинүүдөн кыйроолор болгону же адам өмүрүнө зыян келгени катталган жок.
Бекилов билдиргендей, Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту силкинүү очогунда 5-6 баллга жеткен деген маалымат берүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн адистери жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.