Париждеги террордук актылардан кийин Франция Европа биримдигиндеги өнөктөштөрүнөн буга чейин эч качан колдонулбаган жардамды сурады. Франция өкмөтү өнөктөш мамлекеттин "чек арасына аскерий кол салуу шартында" "жардам жана колдоо көрсөтүү" беренеси боюнча өтүнүч жолдоду.
Франциянын коргоо министри Жан-Ивес Ле Дриан "Европа биримдиги Францияга Ирак же Сирияда операция жүргүзүүгө же операцияны камсыздоо боюнча жардам бере аларын" билдирди.
Франция президенти Франсуа Олланд 129 адамдын өлүмүнө алып келген 13-ноябрдагы Париждеги теракттарды "согуш жарыялоо актысы" деп баалаган эле. Франция өтүнүчү 17-ноябрда Брюсселде Европа биримдигинин коргоо министрлеринин жыйыны учурунда жарыя кылынды.