Таластын Бакай-Ата районунда бүгүн белгилүү график сүрөтчү, "Манастын" Сагынбай вариантын көркөмдөгөн кыл калем чебери Теодор Герцендин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө. Салтанат таланттуу сүрөтчүнүн атын алып жүргөн көркөм-сүрөт музейинде башталды. “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштурган мааракеге коомдук уюмдун негиздөөчүсү экс-президент Роза Отунбаева катышууда. Салтанатка Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр да чакырылган.
Теодор Герцен жергиликтүү немистердин көрүнүктүү өкүлү, таланттуу сүрөтчү. Анын элесине арналган иш-чарада “Кыргызстандагы немистер” деген темада баяндама да жасалат. Түштөн кийин Талас шаарында “Немистер Кыргызстандын тарыхында” аттуу сүрөт көргөзмө уюштурулат.
Теодор Герцен 1935-жылы Таласта төрөлгөн. “Манас” эпосун көркөмдөөдөн сырткары, сүрөтчүлүктүн биртоп жанрларындагы эмгектери менен да таанылган. Сүрөтчү 2004-жылы Германияда каза болгон. (SS\SE)