Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Пакистанда темир жол кырсыгынан 12 киши набыт болду


Пакистандын түштүк-батышында 300 киши алып бараткан поезд темир жолдон чыгып кетип, анда 12 киши каза таап, 70 киши жарадар болду. Белуджистан провинциясынын ички иштер министри Серваз Бакти кырсык 17-ноябрда Болан районунда болгонун билдирди.

Поезд Белуджистандын борбору Квета шаарынан Равалпинди көздөй бараткан. Оор жараат алган жүргүнчүлөр тик учaктар менен ооруканага жеткирилген. Пакистанда коррупция жана инвестициянын аздыгына байланыштуу темир жолдордун абалы начар экени маалым.

XS
SM
MD
LG