Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Банктарда доллар алмаштырууга чектөө киргизилди


АКШ долларынын кымбаттаганына байланыштуу Кыргызстандагы банктар сомду же башка валюталарды долларга алмаштырууга чектөө киргизди. Учурда банктардын басымдуу бөлүгү 100 доллардан ашык сумманы алмаштырбай жатканын күбөлөр кабарлоодо.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары банктар менен байланышканда, айрымдары муну тастыктап, айрымдары өздөрүнүн кардарлары үчүн 1000 доллардын тегерегинде алмаштыруу жүргүзүлөрүн кабарлашты.

Улуттук банк коммерциялык банктарга эч кандай чектөө киргизбегенин, бирок акча базарындагы олку-солку учурда банктар өз алдынча мындай чечим кабыл алуусу мыйзаамченемдүү көрүнүш экенин белгиледи.

Доллар баасы өскөндүктөн жарандардын көбү сомду АКШ валютасына өткөрүү аракетин көрүүдө.

Ушул тапта 1 доллар 72 - 73 сомдон сатылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG