Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Депутат жөлөкпулду электрондоштурууну сунуштады


Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Бакиров балдарга берилүүчү жөлөкпулду ымыркайдын идентификациялык номуру менен төлөөнү сунуштады. Эл өкүлү бул ыкма жөлөкпул берүүдө жемкорлукту азайтып, тактуулук болорун белгиледи.

Бүгүн парламентке социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев чакырылып, эл өкүлдөрү пенсия жана жөлөк пул маселесин карашты. Бакиров жөлөкпул бөлүштүрүүдө жемкорлук орун аларын белгиледи:

-Өкмөт биометрикалык маалыматты колдонуу менен ачык-айкындуулукту камсыздашы керек. Айыл өкмөттө таанышы барлар азыр жөлөкпул алат, чыныгы муктаждар жүрөт жөлөкпулга жетпей.

Министр депутаттардын суроолоруна бул маселени айыл өкмөттөрү чечерин айтты, бирок эл өкүлдөрү Базарбаевдин бул жообун сындап, министрлик жагдайга көзөмөл салууга түздөн-түз милдеттүү экенин эскертишти.

Расмий эсепте Кыргызстанда жыл сайын 6 миллиард сомдон ашык каражат жөлөкпулга кетет. (SE)

XS
SM
MD
LG