Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Сузакта айыл өкмөт башчы болууну каалагандарга каршы митинг өттү


Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылынын айрым тургундары айыл өкмөт башчысы кызматына облус жетекчисинин мурдагы орун басары Тайкожо Гиязовдун жана Хурдин Султановдун талапкер катары катталышына каршы болушууда.

Мындай талап менен 20га чукул адам бүгүн айыл өкмөт имаратынын алдында митинг кылышты. Алар эки талапкер тең 2010-жылдагы июнь окуясында күнөөлүү деп табылган Кадыржан Батыров менен санаалаш болгону үчүн кызматка келүүгө моралдык акысы жок экенин билдиришти.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Күлийпа Керимбекова 24-ноябрда өтүүчү шайлоого 6 талапкер сунушталганын билдирип, алар боюнча соңку чечим ушул жуманын сонунда кабыл алынарын айтты.

Тайкожо Гиязовго 2014-жылдын жаз айларында облустук прокуратура жер сатуу боюнча мыйзам бузган деп, кылмыш ишин козгогон. Сузак райондук соту кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө менен аны жоопко тарткaн эмес. (RsK)

XS
SM
MD
LG