Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:29

Казакстан: инфляция күтүлгөндөн да жогору болушу мүмкүн


Алматыдагы банктардын бири.
Алматыдагы банктардын бири.

Казакстанда 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан инфляция 6-8 пайыздан да жогору болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү бүгүн Астанада өткөн өкмөттүн кеңири жыйынында Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев билдирди. Жыйынга президент Нурсултан Назарбаев катышты.

Расмий маалыматтарга ылайык, октябрь айынын соңунда инфляция 9,4 % түздү. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Ерболат Досаев билдирди. Ал 2015-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экономикасы 1 пайызга өскөнүн кошумчалады. Ошондой эле жыйында экспорттун көлөмү да кыскарганы айтылды.

Теңгенин курсун кармоо үчүн Казакстан банкы 1 млрд. 700 млн. доллар интервенция жасады. Август айында теңге эркин кое берилген.

XS
SM
MD
LG