Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Назарбаев мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды


Казак президенти Астанадагы өкмөттүн кеңейтилген жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзам долбооруна вето койгонун билдирди. Эми парламент аталган документке киргизилген өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгууга тийиш.

Назарбаевдин айтуусунда, мамлекеттик кызматкерлердин пенсия курагын так аныктоо керек. Азыр эч ким кызматын тапшыргысы келбейт, деген казак башчысы ордун бошотуп бербей жаткан аткаминерлердин ысымдарын атаган жок.

Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам долбоорун мажилис 22-октябрда кабыл алган. Анда адистерди тандоонун жаңы жол-жобосу сунушталган. Мыйзамда административдик кызматка келгендер тестирлөөдөн, тиешелүү органдардын сынынан өтүп, жалпы сынак тапшыруусу керектиги жазылган. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG