Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кара-Сууда жер силкинүүдөн 30дан ашуун үйдөн жаракалар кетти


Кара-Суу районундагы үй. Жер титирөөдөн кийин.
Кара-Суу районундагы үй. Жер титирөөдөн кийин.

Кыргызстанда 17-18-ноябрь күнкү жер титирөөдө зыян тарткан турак-жайларды тактоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунда адистердин көзөмөлүнөн өткөн үйлөр ичинен 30 тамдан жаракалар кетип, кулап калышы мүмкүн экендигин, ондон ашууну жарым-жартылай кыйраганын аныктады.Текшерүү иштери Алай, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда да жүрүп жатат.

17-ноябрь күнү кечинде жер силкинип, анын күчү Ош облусунда 7 баллга жакындаган. 18-ноябрь күнү түшкө жуук дагы 4 балл титиреген. (SE)

XS
SM
MD
LG