Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Тажик депутаттарынын жарымы кант илдетинен жабыркайт


Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров кант оорусунан жапа чеккендер акысыз дарыланышы керектигин билдирди. Ал 18-ноябрда өлкөнүн каржы министри Абдусалом Курбониёнго бейтаптар үчүн дары-дармекке мамлекеттик казынадан каражат бөлүүнү сунуштады. Төраганын айтуусунда, мажилистин өкүлдөрүнүн жарымы да кант диабетине чалдыккан.

Тажикстанда бул илдеттен жабыркаган 34 миң адам катталган. Алар инсулинге муктаж. Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Насимжон Олимовдун билдирүүсүндө, аны сатып алуу үчүн 5 миллион сомони керектелет. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG