Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Обама Орусияны “Ислам мамлекети” тобуна көбүрөөк көңүл бурууга чакырды


АКШ президенти Барак Обама Маниладагы сапары учурунда Орусия Сириянын өкмөтүн колдогондон көрө, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөшкө көңүл бурса жакшы болмок, деп билдирди. Бул маселе орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда көтөрүлө турганын кошумчалады.

Обама сириялык качкындарды АКШга киргизбөөгө үндөгөн америкалык саясатчыларды да сынга алды. Бир катар штат башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн “коркунучту көбүртүп-жабыртуу” аракети катары сыпаттап, аларды АКШ бүт дүйнөнүн көз алдында экенин унутпоого чакырды. Ал келерки жылда кеминде 10 миң сириялык качкынга Америкада жашоого уруксат берем, деген убада аткарыларын белгиледи. Анын пикиринде, өлкөгө киргизилген ар бир качкынды текшерүү аракети бир жарым жылдан эки жылга чейинки убакытты алат.

АКШдагы 26 штаттын губернаторлору 17-ноябрда билдирүү тараткан. Анда бийликке Париждеги террордук кол салууларга байланыштуу Америкадан башпаанек алган качкындарды кылдат текшерип чыгуу талабы коюлган. 2011-жылдан бери Вашингтон башкалка берген сириялык качкындардын саны 1500дүн тегерегинде. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG