Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кызматкерин аткан Тарыхчиев камакка алынды


Базар-Коргон райондук мамкаттоо бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев кол астындагы кызматкерге курал колдонуп, өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен камакка алынды. Ал убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатканын Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” кабарлашты.

Тарыхчиев кол астында иштеген адам менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен аткан. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары билдиришкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөө комиссиясын да түзгөн жана ал убактылуу иштен четтетилген. (SE)

XS
SM
MD
LG