Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Казакстанда саясий туткундардын катары калыңдады


Kazakhstan - Dissident Kazakh oligarch Mukhtar Ablyazov with his other daughter Alua, August 15, 2010
Kazakhstan - Dissident Kazakh oligarch Mukhtar Ablyazov with his other daughter Alua, August 15, 2010

Экстремизм боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылган жарандык активисттер Ермек Нарымбаев, Болатбек Блялов, Серикжан Мамбеталин жана сегиз айга абакка кесилген Сакен Тулбаев саясий туткундар деп табылды. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Анын айтуусунда, мындай чечимди шейшембиде жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттердин байкоочу кеңеши кабыл алды.

2013-жылдын жайынан бери Франциянын түштүгүндө абакта кармалып, жакын арада Орусияга экстрадициялана турган Мухтар Аблязов да саясий туткундардын катарына кирди.

Жергиликтүү укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесин биринчи жолу 2013-жылдын 31-майында түзгөн. Ага оболу 6, андан кийин 56 адамдын аты-жөнү кошулган. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG