Бул тууралуу Франс-пресс агенттиги кабарлады. Шектүүлөр Стамбулдагы Ата-Түрк эл аралык аэропортунда кармалган. Марокконун Касабланка шаарынан учуп келаткан бул сегиз адамдын жанынан Стамбулдан Германияга жетчү жол каттамы толук сүрөттөлгөн.
Алар Греция, Сербия жана Венгрия аркылуу, Жер Ортолук деңизинен качкындар менен кошо өтүп Германияга жетүүнү көздөп жатышкан. Кармалгандар полицияга жөн гана туристтер экенин айтышкан, бирок маалыматтарды текшере келгенде бардыгы туура эмес чыккан.
Түркия Европага умтулган мигранттардын өтмөк өлкөсү болуп саналат. Учурда өлкөдө 2 миңден ашык сириялык качкындар бар. 2015-жылдын биринчи жарымында эле Түркиядан экстремизмге катыштыгы бар деп шектелген 700дөй адам депортацияланган.