Бүгүн Косовонун баш калаасы Приштинада оппозициячыл депутат Доника Кадаж Бужупинин камалышына нааразылык билдирип, ондогон адамдар өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Айрымдары имаратты көздөй таш ыргытып баштаганда, полиция демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Бүгүн полиция парламенттин ичинде башаламандык уюштурду деген кине менен депутат Доника Кадаж Бужупини камакка алган.
Бир күн мурда Бужупуни баштаган бир катар оппозициячыл депутаттар парламентте башаламандык уюштуруп, көздөн жаш чыгарчу газ чачып, полиция менен кагылышуулар катталган.
Оппозициячыл депутаттар бир нече жумадан бери Сербия менен Косовонун ортосундагы алаканы жайгаруу боюнча Евробиримдик сунуштаган макулдашууну өткөрбөө максатында парламент сессиясынын ишин үзгүлтүккө учуратып келишет.
Бүгүнкү нааразылык акциясы маалында 13 адам камалганы жана төрт полиция кызматкери жарадар болгону кабарланды. Жергиликтүү полиция бир нече имарат жабыркаганын билдирди. 2008-жылы Косово Сербиядан өз алдынчалык жарыялап бөлүнүп кеткен. Расмий Белград Косовонун төбөлсүздүгүн ушул күнгө чейин тааныбай келет.