Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Ошто дагы жер титиреди


Ош облусу, Кара-Суу району. 18-ноябррь
Ош облусу, Кара-Суу району. 18-ноябррь

Бүгүн кечки саат 9га чукул Ош облусундагы Кара-Суу районунун Чайчи айылында 3, Алай районунун Кабылан-Көл айылында 3,5, Жылуу-Суу, Көлчө айылдарында 3 жана Өзгөндүн Кара-Шоро айылында 3,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана курман болгондор жок.

17-ноябрда түнкү саат 23:29 Кыргызстанда жер титиреген. Анын очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта орун алып, ал жердеги күчү 5-6 баллга жеткен. (RK/ST)

XS
SM
MD
LG