Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абыловдун билдирүүсүнө караганда, адвокаттар бүгүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылат. Анда Акматбек Келдибековду толук актоо же Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча добуш берген 86 депутатты кошо жоопко тартуу талап кылынат.
Биринчи Май райондук соту өткөн жумада чыгарган өкүмүндө Акматбек Келдибековду Салык кызматын жетектеп турган мезгилдеги кылмыш иши боюнча толук актап, парламент төрагасы кезинде Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 млн. сом айып пул салган.
Башкы прокуратура өз кезегинде Келдибековго чыккан сот өкүмүн жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирген. (AiT)