Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

БУУ Иран ядролук программасын кыскарта баштаганын маалымдады


Улуттар Уюмунун ядролук агенттигинин маалымдоосуна караганда, Иран ири алты мамлекет менен жетишкен келишимге ылайык ядролук программасын чектөөгө киришти. Эларалык уюм бул маалыматты 18-ноябрда БУУнун Коопсуздук Кеңешине жолдогон баяндамасында келтирген.

Иран жана ири алты мамлекет июль айында жетишкен келишим 18-октябрда күчүнө кирди. Андан бери Иран уранды байытууда колдонулчу центрифугаларын кыскартты. Бирок БУУнун баяндамасы менен тааныш дипломат, Иран буга чейин иштебей турган центрифугаларды кыскартканын, аларды кайра ишке киргизүү өтө ылдам болорун билдирди. Июль келишимине ылайык Иран уран өлчөмүн жана центрифугалардын санын кыскартууга барса, ага киргизилген санциялар алынууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG