Кыргызстанда мал арзан болуп турган учурда эт баасы улам кымбаттап жаткандыктан, бул абалды көзөмөлгө алууну депутат Тынчтыкбек Шайназаров сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, эл өкүлү уй этин касаптар жөнөкөй жарандардан арзан алып, дээрлик эки эсе баа кошуп сатып жатканын сындады:
- Фермерлер касаптарга этти 200 сомдон гана сата алат. Касаптар болсо 150 сом кошот. Бул абалды көзөмөлгө алуу керек.
Соңку күндөрү Кыргызстанда мал арзандап, чоң жандыктар 20-30, кой 3-6 миң сомдун айланасында сатылууда.
Депутат Шайназаров Орусиядан келаткан кондитердик ун азыктарынын Кыргызстанга жеткенге чейинки баасы 140 сом болгону менен 400 сомдон сатылып жатканын белгиледи. (SE)