Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Орус авиакомпанияларына коопсуздукка катуу көңүл буруу сунушталды


Орусиялык авиакомпанияларга дүйнөнүн 47 өлкөсүнө учууда коопсуздук чараларына тыкыр көңүл буруусу керектиги сунушталды. Ал мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар экенин “Интерфакс” кабарлады.

Коопсуздук боюнча эксперттер берген сунуштарга Орусияга тез-тез авиакаттамдар аткарылган өлкөлөр камтылган. Арасында КМШ мамлекеттери, Австрия, Британия, Германия, Бириккен Араб Эмираты, Португалия, Сауд Арабия, АКШ, Испания, Италия жана башка мамлекеттер бар. Андан сырткары, учакка кургак азыктар менен сууну көбүрөөк камдап алуу керектиги айтылды.

Быйыл 31-октябрда “Когалымавиа” компаниясынын А321 учагы Мисирден Орусияга учуп келатканда жардырылып, 224 адам набыт болгон. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, экстремисттер жардыргыч затты отургучтун астына катканы аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG