Нарын облусундагы өзгөчө маанилүү стратегиялык жайлардын коргонуу паспорттору жок жана кайтаруу жакшы эмес.
Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Анын айтуусунда, Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыздаган «Ак-Бечел» суу алуу жайын кайтаруу жүргүзүлбөй, анда иштеген кароол жумуш убактысында тааныштарын киргизип, чакан кече уюштуруп жиберген. Мындай аймакка чоочун адамдарды киргизген жумушчуга суу канал башкармалыгы сөгүш берүү менен гана чектелген. Буга облус башчысы катуу чара көрүүсүн тиешелүү мекемеге тапшырды.
Стратегиялык жай деп эсептелген Ат-Башы ГЭСинде жана Нарын электр түйүндөр ишканасында түрдүү жагдайларда коргонуу боюнча чаралар иштелип чыккан. (MiK)