Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Сариев жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берилерин айтты


17-18-ноябрь күнкү жер титирөөдө жараксыз абалга келген үй ээлеринин чыгымдары атайын комиссиянын негизинде саналып, келтирилген зыянга жараша өкмөттөн каражат бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Оштун Кара-Суу районуна барып, турак-жайына залака кеткен жарандар менен жолуккан учурда айтты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашап туруу үчүн тургундарга жылытылган чатырларды берди. Жакын арада контейнер-үйлөр алынып келинери айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү премьерге кырсык болгон аймактарга барууну, абалды көрүп, жабыркагандарга жардам берүү боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырган.

17-ноябрда кечинде жер силкинип, Кара-Суу районунда анын күчү 7 баллга жеткен. Алай, Чоң-Алайда 5 баллдан ашып, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Өзгөн районунда 4,5 балл болгон. Киши өмүрүнө зыян келген эмес. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган. Андан 152 үйгө жарака кетип, он турак-жай такыр эле жараксыз абалга келген.

Учурда калк арасында психологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Сариев бүгүн түштөн кийин Алайга барат. (SE)

XS
SM
MD
LG