Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Атамбаев коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, дүйнөдө болуп жаткан соңку окуялардан улам Кыргызстанда коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев стратегиялык маанидеги объектилерди көзөмөлгө алууга тереңирээк көңүл бурууга чакырып, экстремисттик топтор менен байланышкандарга каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

-Мамлекет өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана камсыз кылат, - деди Атамбаев.

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары да өкмөткө тез арада мектептерде, ооруканаларда жана башка мекеме-ишканаларда коопсуздук чараларын күчөтүп, экстремисттердин иш-аракетин тизгиндөө жаатында бачым аракеттерди көрүүнү сунуштады. Спикер Асылбек Жээнбеков экстремисттик кадамдарды жайгаруу боюнча каражат маселесин тез арада чечүү үчүн өкмөт менен иш алып барууга парламент даяр экенин айткан.

Жакында Орусия учагынын террористтер тарабынан жардырылышы жана Париждеги теракттарга байланыштуу көп өлкөлөрдө коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG