Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

25 жылда жатак-абактан качкан миңден ашуун кишинин 30у кармалды


Кыргызстандагы жатак-абактардан 1990-жылдан бери качып кеткен 1067 кишинин арасынан 30 киши кармалды. Алар соңку он күн аралыгында колго түшкөнүн Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

Жаза аткаруу кызматы жатак-абактарын жазалоо мекемеси кылып өзгөртүүнү 2011-жылдан бери сунуштап келүүдө.

Кыргызстанда 14 жатак-абак бар. Ал жерлерде жаза шарты жеңил кылмыштарды жасагандар жатат. Алар жумушуна же башка жерлерге барып келүүгө укуктуу. (SE)

XS
SM
MD
LG