Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Өзбекстандык аял эки баласын бычактап салды


«Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, Харезм облусунун Гойбу айылынын 30 жаштагы тургуну Дилфуза Худойберганова 15-ноябрда 2 баласын бычактап салган. Анын 7 жаштагы кызы Шахло кайтыш болуп, 10 жаштагы баласы Базарбай катуу жаракат алып, ооруканага түштү. Тергөөдө аял балдарын бага албай калгандыктан ушундай кадамга барганын айтып берген.

Худойберганова айылдык мектепте пол жуугуч, күйөөсү ошол эле мектепте күзөтчү болуп иштешчү. Мектеп жетекчилиги бул үй-бүлө айлык акысын убагында эле алып жүргөнүн, алардан кыйынчылыктар тууралуу арыз-муң укпаганын маалымдады. Үрөй учурган кылмышка барган аялдын психикалык дарттан алыс болгону да кабарланууда. (AKu\SE)

XS
SM
MD
LG