Чүй каналынан 19-ноябрда табылган жардыруучу зат зыянсыздандырылды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнө жергиликтүү тургун кайрылып, каналда кооптуу темир буюм жатканын билдирген.
Адистер келген учурда снаряд жарылуу абалында турганы аныкталган. Саперлор жарылуучу затты “Ала-Тоо” аскер полигонуна алып барышып зыянсыз кылышты.
Окуя боюнча териштирүү уланууда. (SE)