Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кандагарда бир аскер курман болду


Талиптер Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы полициянын штабына кол салып, бир аскер кызматкери мерт кетип, алты киши жараланды.

Провинциянын басма сөз катчысынын “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, кол салуу бүгүн эртең менен Кандагардын Аргандаб районунда болгон.

Чабуулду баштаган 5 талип согушкери өлтүрүлдү. Кагылышта 3 полиция кызматкери жана 3 жөн жай тургун да жараланды.

Кандагар полициясынын басма сөз катчысы Зия Дурранинин айтымында, согушкерлер жардыргыч зат салынган машинени аскер жана полиция кызматкерлерине жакындаганда жардырып ийишкен.

Акыркы мезгилде Ооганстандан чет элдик аскер күчтөрү чыгарылгандан бери талиптердин кол салуулары күчөп кетти.

XS
SM
MD
LG