Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Жер титирөөдөн 390 турак-жай жараксыз болду


17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн кесепетин аныктоо боюнча Ош облусундагы район-шаарларда 3400 турак-жай текшерилип, 390 үй жана 33 социалдык объект жараксыз абалга кептелгени аныкталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, премьер-министр Темир Сариев аймакка жасаган бүгүнкү иш-сапарынын алкагында тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын куруп, тез арада келтирилген зыянды толтуруу боюнча пландарды иштеп чыгууну тапшырды. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы имараттар көбүрөөк зыян тарткан.

Президент Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү премьерге кырсык болгон аймактарга барууну, абалды көрүп, жабыркагандарга жардам берүү боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырган.

17-ноябрда кечинде жер силкинип, Кара-Суу районунда анын күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Киши өмүрүнө зыян келген эмес. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.

Учурда калк арасында психологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG