Башкы прокурор Юрий Чайка Франция казакстандык магнат жана оппозиция лидери Мухтар Аблязовду Орусияга өткөрүп берсе, анда Москва аны Казакстанга өткөрүп бербей, Орусияда сот жообуна тартарын 19-ноябрда билдирди.
Француз бийлиги Аблязовду Орусияга өткөрүп берүүнү сентябрь айында чечкен. Казакстандагы ВТА банкынын мурунку жетекчиси Аблязовго Казакстан, Орусия жана Украина издөө жарыялаган. Ал 5 млрд. долларды уурдап кеткен деп айыпталууда.
Мухтар Аблязов өз кезегинде айыптоолорду четке кагып, анын саясий мотивдери бар деп билдирүүдө. Аблязов 2013-жылы Францияда кармалган. Казакстан менен Франциянын ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишими жок. Ал эми Орусия жана Украина менен Казакстан ортосунда андай келишим бар. (AiT)