Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Париждеги чабуулдун уюштуруучусу өлтүрүлдү


Париж прокурору Франсуа Молендин 19-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Париждин түндүк жагында полиция операциясы учурунда өлтүрүлгөндөрдүн бири Абделхамид Абауд деп таанылды. Бельгиялык Абауд 13-ноябрдагы Париждеги террордук чабуулдун жетекчиси жана уюштуруучусу катары аталган.

Франция парламентинин төмөнкү палатасы өлкө аймагында өзгөчө кырдаалды үч айга узартууга добуш берди. Депутаттарга кайрылып жатып премьер-министр Мануэль Вальс өлкө жаңы террордук чабуул коркунучунун алында турганын, “химиялык жана биологиялык курал” менен да теракт болуш мүмкүндүгүн эскертти.

13-ноябрда Ислам мамлекетинин тарапкерлери тарабынан уюштурулган теракттарда 129 адам өлүп,350 киши жараат алган. Француз президенти Франсуа Олланд теракттардан кийин Сирияда Ислам мамлекетине чабуулду күчөтүүнү буйруду. (AiT)

XS
SM
MD
LG