Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Ички иштер кызматкерлери үйлөрдү текшерүүдө

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, 19-ноябрда Бишкектин 8-кичирайонунда милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди аткан кылмышкерлерди издөө боюнча аймактагы ар бир үй текшерилип жатат.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, милиция кызматкери велосипед уурдап бараткан жарандарды кармап, башка кызматкерлерди жардамга чакырган учурда кол салууга туш болгон. Кылмышка шектүү 2 жаран Абдувалиевге карата 4-5 жолу ок чыгарып, акыркысын чекеге аткан. Кылмышкерлердин огунан курман болгон Актилек Абдувалиев 27 жашта болчу.

Табылган октор Макаров үлгүсүндөгү тапанчага тийиштүү экени айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG