Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо органдары кылмышка шектүүлөрдүн шек-шыбаасын билгендер болсо дароо кайрылуусун өтүнүүдө. Милиция маалыматтын жашыруундуулугун камсыз кылууга кепилдик берерин билдирет.
Ушул тапта окуя болгон 8-кичирайондо ар бир үй текшерилип жатат.
19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишти. Ага үч ок тийип, акыркысы чекесине атылган. Алдын-ала маалыматтар боюнча табылган октор Макаров үлгүсүндөгү тапанчага тийиштүү экени айтылууда. (AzK)