Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстан туризм боюнча тандоодо алдыга чыкты


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, республика National Geographic Traveler сынагында “Фототур үчүн мыкты багыттар” аттуу номинацияда жеңүүчү деп табылды. Саякаттоолор жөнүндөгү атактуу журналдын сыйлыктарын тапшыруу аземи 19-ноябрда Москва шаарында өттү.

National Geographic Traveler журналы nat-geo.ru сайтында мыкты туристтик жайларды аныктоо боюнча добуш берүүнү 5-ирет уюштурууда. Добуш берүү эки этапта өттү. Алгачкысында туризм тармагындагы кесипкөйлөрдүн арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алар 18 номинацияда катышуучулардын тизмесин түзүүгө жардам беришкен. Андан соң сайтка жайгаштырылган маалыматтарга окурмандар бааларын беришти.

Өткөн жылы “Ден соолукка пайдалуу эс алуу” номинациясында Кыргызстан үчүн орусиялыктардын 80 пайызы добуш берген. (AzK)

XS
SM
MD
LG