Кыргызстанда 21-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...2, күндүз -3...2
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз -4...1
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...4, күндүз 2...7
Баткен облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 1...6
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5
Бишкекте 21-ноябрда түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -1...1 градус, күндүз -1...1 градус болот.(AzK)