Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Кытайда терроризмге шектелген 28 адам жок кылынды


Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы уйгур азчылыгын Кытай бийлиги айыптап келет.
Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы уйгур азчылыгын Кытай бийлиги айыптап келет.

Бүгүн Кытайдын маалымат каражатары эки ай мурда көмүр шахтасына коюлган чабуулга катыштыгы бар деп шектелген 29 адамдын 28 кишиси жок кылынганын жазышты. Операция маалында кеминде 5 полиция кызматкери набыт кеткен. Атышуу Кытайдын батышындагы, негизинен уйгурлар отурукташкан Шинжаң провинциясында болду. 20-ноябрда аймактын администрациясынын расмий сайтында пайда болгон кабарга караганда, экстремисттер 18-сентябрда бычак менен Аску аймагындагы Соган шахтысына кол салган, деп шектелип жатышкан. Анда 11 жай тургун, 5 полиция кызматкери өлтүрүлгөн.

Бул маалыматты мамлекеттик Xinjiang Daily басылмасы да ырастады.

Шинжаң-Уйгур автоном облусун жердеген уйгур азчылыгын Кытай бийлиги аймактагы терроризмге жана сепаратизмге күнөөлөп келет. Ал эми уйгур активисттери Бээжин аларды жок жерден каралап, катаал саясат жүргүзүп жатканына даттанышат.

XS
SM
MD
LG