Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Мамдума террорчуларга каршы жазаны катаалдантууну сунуштоодо


Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен Федералдык кеңеш мүчөлөрү террорчулукка каршы күрөшкө байланышкан суроолорду талкуулоо үчүн жалпы жыйынга чогулушту.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен Федералдык кеңешинин мүчөлөрү террорчулукка каршы күрөшкө байланышкан суроолорду талкуулоо үчүн чогулушту.

“Бүгүн дүйнө террорчулукка каршы туруу үчүн биригип жатат. Биздин өлкө бул каргаша менен күрөшкөндөрдүн алдыңкы катарында”, - деп билдирди Федералдык кеңештин спикери Валентина Матвиенко.

Мыйзам долбооруна таянуу менен орус маалымат агенттиктери мыйзам чыгаруучулар террорчуларга, терроризмге катыштыгы барларга жана аларды каржылагандарга кылмыш жазаны катаалдатууну сунушташууда.

Ошондой эле алар эл арбын топтолгон жайларда, коомдук транспортто коопсуздукту күчөтүү менен биргеликте Орусиянын миграциялык саясатын катаалдатууну талкуулашары маалым болду.

Бул кадамдар өткөн жумада Парижде 129 адамдын өмүрүн алган катар-катар теракттардан кийин жана октябрдын соңунда Синай жарым аралында кулатылган орусиялык учактын кыйрашына теракт себеп болгону бышыкталган соң кабыл алынууда. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү эки теракт үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG