Малинин баш калаасы Бамакодогу Radisson Blu мейманканасында экстремисттердин барымтасында калган 170 адамдын 30у бошотулду. Үч адам набыт болду. Полиция жана атайын кызматтар мейманкананы согушкерлерден бошотуп алуу аракетин көрүшүүдө. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч бир топ ала элек.
Окуя болгон жерге Малинин өкмөттүк аскерлери, полиция жана өлкөнүн түндүгүндөгү исламчыл согушкерлерге каршы операцияга катышып жаткан француз аскер күчтөрү тартылды.
Түрк бийликтери буга чейин барымтадагылардын арасында Turkish Airlines авиакомпаниясынын алты кызматкери бар болгонун кабарлаган.
Мейманкананы АКШ жараны иштетет жана ал жерге негизинен чет өлкөлүктөр токтойт.
Ушул жылдын август айында да Малидеги Севарэ шаарындагы мейманканага экстремисттер кол салышкан. Анда төрт аскер, БУУнун беш кызматкери жана төрт согушкер набыт болгон.
Малиде радикалдар 2012-жылы өлкөнүн басымдуу бөлүгүн басып алган соң Франция өз аскерлерин жиберип, аларды сүрүп чыккан эле. Малинин түндүгүндө ушул күнгө чейин радикалдык исламчыл топтор активдүү. Алар өлкөнүн башка шаарларына байма-бай чабуулдарды жасап келишет.